Menu

Кытай таажывирусту бизге Россия жөнөтүп жатат деп айыптоодо

Бөлүшүү:

Кытай Россияны таажывирус илдети боюнча айыптоодо. Акыркы маалыматтар боюнча, Россиядан келген Кытай жарандарынан таажывирустук инфекциянын 409 учуру катталган. 

“Кытай бийлиги кытай жарандарына учурда кайсы жерде болсо ошол жерден эч жака чыкпоосун жана үйлөрүнө кайтпашын катуу сунуштайт”, – деп жазат Global Times бүгүн өлкөнүн Коммунисттик партиясынын токтомуна таянып.

Ошол эле учурда, Россия менен чек арага жакын жайгашкан Кытай шаарлары чек ара көзөмөлүн күчөтүп, өлкөдөн инфекция жуккан бейтаптардын агылышына жооп катары катуу карантин киргизүүдө.

Кытайдын түндүгүндөгү Хэйлунцзян провинциясынын бийлиги башка жактан келген таажывирус инфекциясынын көбөйүшүнө байланыштуу Россия менен чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүдө. Бул тууралуу “Жэньминь жибао” кабарлады.

Пандемия башталгандан бери чек ара бекети жайгашкан Суйфэньхэге 2497 адам келген. “COVID-19 менен ооругандардын үлүшү өтө жогору – келгендердин ар бир партиясында 10% дан 20% га чейин. Айрымдарында бул көрсөткүч андан да жогору болгон”,- деп билдирет “Жэньминь жибао” жергиликтүү медициналык топтун башчысы Юй Кайцзянанын сөзүн.

Өткөн аптада Суйфэньхэ Уханьдагы кыймылга жана чогулушка чектөө жарыялаган, анда былтыр биринчи жолу таажывирустун жайылышы башталган жана Россия менен чек арасы жабылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: