Бизге ун кошуна мамлекеттерден – Казакстан жана Россиядан импорттолот. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары Эмил Жамгырчиев билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кириши менен ишкерлер Кыргыз Республикасына унду эркин жеткире башташкан, ошондуктан бул жерде “аткезчилик” деген сөз орунсуз.
«Жалгыз нерсе, март айында унга болгон суроо-талап көп болгондуктан, биз мониторинг жүргүздүк. Учурдагы кырдаалга байланыштуу Казакстан ундун экспортуна убактылуу чектөө киргизип, импортту темир жол транспорту аркылуу гана жүргүзгөн. Ун заводдорунун жетекчилери менен жолугушуп, эмне үчүн бааны 2 миң сомго көтөргөнүн сурадык. Ушул жолугушуунун алкагында биз алар менен кошо ундун баасын 1 кг үчүн 30,5 сомдон койдук, анткени алар жогорулатып койбошу үчүн”, – деди ал.
Бүгүнкү күндө аткезчилик жок, Казакстан менен чек аралар жабык жана укук коргоо органдары буга жол бербейт », – деди Жамгырчиев.
Ал эми жеке менчигинде “Акун” ун комбинаты бар Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин профилдүү комитеттеринин биргелешкен жыйынында өкмөт тымызын ун контрабандисттери менен иштешип жатат, контрабанда дагы эле уланууда деп айыптаган эле. “Мен билем, силер ун контрабандисттерин тыйып коюунун ордуна кайра аларды чакырып, жыйын өткөрүп, унду алып келе бергиле деп алар менен кызматташып жатасыңар” деп ызырынган депутат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ