Menu

Фото – ЖЕЭК мүчөлөрүнүн коронавирус инфекциясы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулоо боюнча видеоконференция форматындагы жумушчу жыйыны

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин  (ЖЕЭК)  мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жыйынына катышты.

Беларусь Республикасынын төрагалыгы астында өткөн жумушчу жолугушууда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин (ЕАЭБ) башчылары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө жана ЕАЭБде экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө улуттук деңгээлде көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришип, экономикалык кесепеттерди азайтуу, өз ара колдоо көрсөтүү боюнча биргелешкен чараларды, ошондой эле түзүлгөн кырдаалда Биримдиктин дараметин натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө ЕАЭБ алкагында, анын ичинде, чакан жана орто бизнести колдоо механизмдери, биринчи зарылдыктагы жүктөрдү жеткирүүдө «жашыл коридорлорду» түзүү, кырдаалга ыкчам жооп кайтаруу үчүн медициналык кызматтардын биргелешкен ишмердигин уюштуруу, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө жарандарды социалдык жана медициналык жактан колдоо боюнча бир катар чараларды сунуштады.

Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн биргелешкен кайрылуусу кабыл алынды.

Видеоконференция форматындагы жумушчу жолугушуусуна Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

   

   

   

   

   

   

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: