Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутат Руслан Казакбаев өзгөчө кырдаал режимин орозо айынын аягына чейин узартууну сунуштады.
Ал дүйнөлүк эксперттер таажывирустун жайылышынын май айынын аягына чейин созулушун болжолдоп жатканын белгиледи.
“Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү таажывируска чалдыгуунун эң жогорку деңгээли 20-24-апрелде болот деп айтышты. Дүйнөлүк эксперттер башка божомолдорду айтып жатышат. Эгерде, биз апрель айынын аягында карантинди токтотсок, Рамазан айы ушул маалда башталат жана адамдар бири-бирине зыярат кыла башташат, эл чогула баштайт. Буга жол бербөө үчүн, өзгөчө кырдаал режимин май айынын аягына чейин узартылышы керек” – деп билдирди депутат.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн президент Сооронбай жээнбеков өзгөчө кырдаал абалын 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ