Menu

Кубатбек Боронов: “Казакстан Соль-Илецк шаарындагы кыргызстандыктарды өз аймагынан өткөрүүгө кескин түрдө каршы болууда”

Бөлүшүү:

Казакстан Россиянын Оренбург облусундагы Соль-Илецкидеги кыргызстандыктарды өз аймагынан өткөрүүгө кескин түрдө каршы болууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал казак-орус чек арасында калган кыргызстандыктарды алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин белгиледи.

“Соль-Илецк шаарында маселе оор, биз адамдарга айтканбыз, бирок алар болбой эле кетпей отурушат. Ал жактагы жарандарды өз аймагынан өткөрүүгө Казакстан кескин каршы. Аларды транспорт менен алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок. Жакында баары чечилет деп үмүттөнөбүз,” – деп билдирди Кубатбек Боронов.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстандын чек арасында Россиянын Оренбург облусунда 67 автоунаа жана Казакстандын мамлекеттик чек арасынын ачылышын күтүп жаткан 110га жакын кыргызстандыктар бар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: