Menu

“Айыл Банктын” директорлор кеңешинин мүчөсү Таалай Сыдыков 3 күн бою аялын сабагандыгы үчүн кармалып, бирок сот тарабынан бошотулуп жиберилген

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, “Айыл Банктын” директорлор кеңешинин мүчөсү Таалай Сыдыков үч күн бою аялын сабаган деп шектелүүдө. Кийинчерээк Бишкектин комендантынын маалымат кызматы маалымдагандай, ал сот тарабынан бошотулуп жиберилген.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги билдиргендей, 2020-жылдын 10-апрелинде Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө Н.С. аттуу жаран күйөөсү Т.С.га карата чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган. Анда күйөөсү мас абалында аны үч күндөн бери сабап, үйдөн кууп чыккандыгын билдирген. Кылмышка шектүү өткөн дем алыш күндөрү борбордук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаарынын комендантынын билдирүүсү боюнча, 12-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Т. С. убактылуу кармоочу жайдан, камактан бошотулган.

Белгилей кетсек, 40 жаштагы Таалай Сыдыков 2015-жылдан бери КРнын Президентинин Аппаратынын экономикалык анализ бөлүмүндө эксперт болуп иштеген, бирок 2019-жылдын май айында кызматтан бошотулган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: