Menu

Тарыхчы, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Макай Усупов 96 жаш курагында дүйнөдөн өттү – некролог

Бөлүшүү:
Кыргыз коомчулугу орду толгус жоготууга учурады. 2020-жылдын 12-апрелинде 96 жаш курагында кыргыз окумуштусу, тарых илимдеринин кандидаты, 1941-1945-жылкы Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Усупов Макай Усупович дүйнөдөн өттү.
Усупов Макай Усупович 1924-жылдын 3-ноябрында туулган. Советтик армиянын катарынан боштулган соң, 1947-1951-жылдары Караколдогу мугалимдер институтунда, андан соң Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда билим алган. 1951-1957-жылдары институтта окутуучу, андан соң «Мугалимдер газетасы» гезитинде жооптуу редактор кызматын аткарган.
Жогорку партиялык мектепти (1959-ж.) жана КПСС БК Коомдук илимдер академиясын (1962-ж.) аяктап, тарых иимдеринин кандидаты окумуштуу даражасын алууга талаптанып кандидаттык диссертациясын коргогон соң, Кыргыз ССРинин жана Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин Коммунисттик партиясынын БК караштуу партиялык-мамлекетик көзөмөл комитетинин илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы, лектордук топтун башчысы, Кыргыз ССРинин Элдик көзөмөл комитетинин илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1969-1991-жылдары КПСС БК караштуу Марксизм-ленининизм институтунун филиалында – Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын БК караштуу Партиянын тарыхы институтунда илимий иштер менен алектенген. 22 жыл бою партиялык курулуш секторун, андан соң партиянын тарых секторун жетектеген.
1991-жылы Усупов Макай Усупович Эскерме китебинин редакциялык коллегиясына ишке чакырылып, киришүү, корутунду жана «Кыргызстан Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде» томунун жыйынтыктоочу негизги 8 главасын жазып чыккан.
Усупов Макай Усупович эмгек жылдары 115 басма табак көлөмүндөгү илимий эмгектерин (анын ичинде тең автор катары) жарыялаган. Бардык илимий изилдөөлөр Коммунисттик партиянын тарыхына, партиялык түзүлүшкө жана биздин өлкөнүн 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги тарыхына арналган.
Анын Улуу Ата Мекендик согушка катышуусу мурдагы СССРдин бир катар өкмөттүк сыйлыктары менен белгиленген: Улуу Ата Мекендик согуштун экинчи даражадагы ордени, «Эрдик үчүн» 2 медалы, «Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн», «Кенигсбергди алгандыгы үчүн», «Германияны жеңгендиги үчүн» жана башка медалдары ыйгарылган. Анын республиканын партиялык, мамлекеттик жана илимий мекемелериндеги жемиштүү иши үчүн кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин эки грамотасына татыган.
Усупов Макай Усупович республиканын өнүгүшүнө, тарыхый баалуулуктарын сактоого салым кошкон. Ал өлкөнүн келечеги үчүн чын дилден кызмат кылган кесипкөй адис жана чыныгы патриот болчу.
Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын орду толгус оор жоготуусун жана азасын тең бөлүшөбүз. М.У.Усуповдун жаркын элеси мекендештерибиздин, досторунун жана туугандарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Кыргыз Республикасынын 
Премьер-министри М.Д.Абылгазиев жана Кыргыз Республикасынын 
Өкмөтүнүн мүчөлөрү

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: