Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов Новосибирсктен Бишкекке аба каттамы болбой турганын билдирди.
“Орусиянын жарандык авиация агенттигинен каттам болбой тургандыгы жөнүндө маалымат алдык. Андан баш тартуу чечими кабыл алынган. Учкучтар учуудан баш тартып жатышат. Кийинки каттам тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, каттам болсо маалымдалат” – деп билдирди министр.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү белгилегендей, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок Россия Федерациясынын аба мейкиндиги 29-марттан бери жабык турат.
Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов ошондой эле Стамбулдан Кыргызстанга учуу маселеси талкууланып жаткандыгын, элчилик иштеп жаткандыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, Россиянын Новосибирск шаарындагы аэропортто түнөгөн 300гө жакын мекендештер КР президентине, эл өкүлдөрүнө кайрылып, аларды Кыргызстанга алып кетүүнү суранып жатышат.
Алсак, азыркы тапта чет өлкөлөрдөн 4371 Кыргызстандын жараны мекенине келүү үчүн жардам сурап кайрылган. Бирок, алардын саны күн санап өсүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ