Бүгүн, 14-апрелде Кытай Эл Республикасы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө бекетин эки өлкөнүн жүктөрүн ташуулар үчүн калыбына келтирүү макулдашуусуна жетишилди. Бул тууралу КР Тышкы иштер министрлигинин расмий сайты жазып чыкты.
Ал эми “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө бекетинин иштеши эки тараптан аймактагы эпидемиологиялык абалдын мындан аркы абалына жараша каралат. Ошол эле учурда эки өлкөнүн жарандарынын чек араларды кесип өтүүсүнө коюлган чектөөлөр сакталып кала берет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ