Menu

Кыргызстандын тышкы карызы $3 млрд 874,57 млн. түзөт, анын ичинен Кытайга $1,7 млрд. карыз

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-кытай чек арасынан жүк ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Жээнбеков коронавирустун Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин эске алуу менен Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.

Эки өлкөнүн башчылары ошондой эле илдет менен күрөшүү үчүн Кытайдан Кыргызстанга медициналык адистерди жөнөтүү боюнча макулдашты. Маалыматка караганда, Си Цзиньпиң коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстандын аракеттерин колдой турганын белгилеген.

2020-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы, ички) карызы 4 млрд. 616,56 млн. АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 3 874,57 млн. доллары тышкы, 741,99 млн. АКШ доллары ички карыз.

Сырттан алынган карыздын эң көбү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына («Эксимбанк») туура келет. 2019-жылдын октябрь айына карата Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкына» 1,7 млрд. доллар карыз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: