Menu

“Казак аймагы бир кезде Кытайдыкы болгон” деген макала үчүн Казакстан Кытайга нааразычылык билдирди

Бөлүшүү:

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кытай маалымат каражатындагы Казакстандын аймагы тууралуу макалага байланыштуу Кытайга каршылык жөнөттү.

Ал макаланын автору «Казакстан ушул тушта ээлеп турган аймак бир кездерге Кытайга таандык болгон» дегендей мазмунда бүтүм чыгарган.

«Тышкы иштер министрлигинде Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо менен жолугушуу болду. Анда казак тарап www.sohu.com сайтындагы «Эмнеге Казакстан Кытайга кайтып келгенге умтулат?» деген макалага байланыштуу каршылык айтылды», деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Министрлик тараткан маалыматта, «макала былтыр сентябрь айында Бээжинде кол коюлган эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу биргелешкен макулдашууга төп келбейт», деп белгиленген.

Кытай Казакстандын төртүнчү ири инвестору болуп эсептелет жана насыя берген өлкөлөрдүн ичинен үчүнчү орунда турат.

Казак коомчулугунда соңку кездери Кытайга каршы маанай күчөдү жана бул ар кандай нааразылык акциялары менен коштолгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

2 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: