Menu

Өзбекстанда мусулмандар Орозодо намазды үйдөн окуп, Куранды онлайн угушат

Бөлүшүү:

Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгы коронавируска байланыштуу Рамазан айында мечиттерде намаз окууга болбой турганын билдирди.

Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгынын сайтында жарыяланган билдирүүдө бул маселе Кыргызстан жана Казакстан Мусулмандар дин башкармалыктары менен талкууланып, бир чечим кабыл алынганы айтылат.

Башкармалык карантин эрежелерин бузбоо үчүн Куранды үйдөн окуп, онлайн угууга кеңеш берди. Телеканалдар жана социалдык түйүндөр Орозого байланыштуу программаларды ырааттуу түрдө берип турат.

Жамаат менен ооз ачар өткөрүүгө да тыюу салынды. Ифтар уюштурууну каалагандар бул каражатты кайрымдуулукка жумшаса болот.

Буга чейин Сауд Арабиясы мусулмандарды ажылык үчүн Мекке жана Медина шаарларына зыяратка келбей турууга чакырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: