Menu

Москвадагы кыргызстандык жигиттер таажывирус илдетинен айыгып кетишкенин билдиришти

Бөлүшүү:

Москва шаарында таажывирус илдетин жуктурган бир кыргызстандык айыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ал журналисттерге өзү билдирди.

Анын айтымында, ал Москвадагы ооруканада дарыланган.

“13-апрелде мени ооруканадан чыгарышты. Азыр 2 жума үй карантининде болушум керек. Эгер мен эрежелерди бузсам, айып төлөп же ооруканага кайра жатышым керек болот. Дарылоо 7 күнгө созулду. Сыягы менен организмим күчтүү окшойт. Акыркы тапшырган анализдер терс жыйынттыгын көрсөттү. Биздин батирдеги төрт киши тең ооруканага жатып, кудайга шүгүр, баарыбыз тең айыгып, үйгө чыктык. Мурдагы эле батирге келдик. Эми күнүнө онлайн-консультациядан өтүп турабыз. Кайра 3 жумадан кийин анализ тапшырабыз. Биз врачтарга аябай ыраазыбыз. Алар бейтаптарды жакшы карап, колдоп турушат. Биз алардын кандай кыйынчылыкта иштеп жатканын көрдүк. Эми өздүк тазалыкты сактап, үйдөн себепсиз чыкпашыбыз керек”,- деди ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: