Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевге карата баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде журналисттерге күч структураларындагы булактары кабарлашты.
Соттук териштирүүнүн алкагында ал 20-июнга чейин Бишкек СИЗО 1 убактылуу кармоочу жайда камакта болот.
Сыргак Кенжебаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ири суммадагы акчаны алдап алууга шектелип кармалган. Ал кытайлык инвестордон $350.000 алып, кийин кайтарып берүүдөн баш тарткандыгы кабарланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ