Menu

Оштун өзгөчө абал киргизилген аймактарында алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Өзгөчө абал режими киргизилген Ош шаарында, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка 13-апрелде комендант Малик Нурдинов кол койгон.

Документте айтылгандай, чечим аталган аймактарда өзгөчө кырдаалдар режиминин иштешине байланыштуу жана режимдин талаптарын сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат тартибин бузгандардын көпчүлүгү жөө адамдар жана унаа айдаган айдоочулар, ошондой эле мас абалында унаа башкаргандар экендиги аныкталган.

Ошентип, менчигине карабастан алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат.

Мисал келтире турган болсок, коменданттык сааттын талаптарын бузгандардын бири Ош облустук сотунун судьясы болгон. 6-апрелде судья укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан токтотулган.

Айрым маалыматтар боюнча, ал коменданттык саатты бузуп, мас абалда болгон. Ал милиция кызматкерлеринин талаптарын аткаруудан баш тарткан.

Ош, Кара-Суу жана Ноокат райондорундагы коменданттын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Ашырбаев соттун мас абалында болгонун тастыктаган документтер бар экендигин билдирген.

Анын коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралат. Документтер жана далилдер чогултулган. Баардыгы тергөөнүн алкагында белгилүү болот.

Коменданттын билдирүүсү боюнча, бул факты боюнча материалдар Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 355-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, бекитилген графикке ылайык Ош облустук сотунун төрагасы, судья М.К. Ал 6-апрелде нөөмөттө турган жана жумуштан кайтып келе жатканда үйүнүн жанында укук коргоо кызматкерлери тарабынан токтотулган.

“Кармалган учурда, коменданттык саат алдында дагы 5 мүнөт калган. Ошонун негизинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен судья М.К. түшүнбөстүк болгон”, – деди соттун басма сөз кызматы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: