Бир сутка ичинде жалпысынан 7 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан 2 бейтап, Бишкек шаарынан 5 бейтап таажывирус илдетинен сакайышты. Алар чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн”,- деди саламаттык сактоо министринин орун басары.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ал эми таажывирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 449га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ