Таажывирус илдетин жуктурган адамдардын арасында 244 аял жана 205 эркек адам. Ооруканада 366 адам бар, алардын 11и оор абалда, 7 адам реанимацияда жатат. Ал эми 355 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Илдеттен айыккан 78 адам ооруканадан чыгарылып, 5 бейтап көз жумган. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ