Menu

Бишкектеги коменданттык саат 2 саатка кыскарат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-апрель күнү Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев коменданттык саат 2 саатка кыскартыла тургандыгын билдирди.

“Буйруктун долбоору даяр. Коменданттык саатты 2 саатка кыскартабыз. Кечки саат 21:00дөн таңкы саат -6:00гө чейин. Башка тармактардагы жеңилдиктерди карап жатабыз” – деди комендант.

Эске салсак, өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал киргизилген.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-апрель күнү президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: