Бүгүн, 15-апрелге карата таажывирус илдетин жуктурган бейтаптардын саны 449 адамды түздү. Анын ичинен 15 жашка чейинкилердин саны 40 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Таажывирус илдети менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 0 жаштан 15 жашка чейин – 40 адам (анын ичинде 1 жашка чейинки 3 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 12 адам;
– 20 жаштан 35 жашка чейин – 109 адам;
– 36 жаштан 55 жашка чейин – 173 адам;
– 56 жаштан өйдө – 115 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ