Menu

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар квота менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга жумушка орношо алат

Бөлүшүү:

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги мыйзамдарда ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга орношуусуна квота белгилөөнү сунуштайт. Тийиштүү мыйзам долбоорун министрлик коомдук талкууга жөнөттү.

Министрлик майыптарды жумушка орноштурууну мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматы камсыз кылгандыгын эскертти. Алардын ишке орношуу үчүн берилген көрсөтмөсү атайын түзүлгөн же квотанын негизинде жумуш ордун  берүүчү үчүн милдеттүү болуп саналат. Мындай жобо Эмгек кодексинде каралган.

Негиздемеде белгиленгендей, “Майып адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн квота түрүндө 5 пайыз жумуш орду менен камсыз кылуу талабы киргизилген (эгерде кызматкерлердин саны 20 адамдан кем болбосо).

Бирок, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамда бекитилген квотанын чегинде кызматка кирүү нормалары жок жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жалпы негизде конкурстук тандоодон өтүшөт”, – деп айтылат документте.

Ведомство бош кызмат ордун болгондо, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды квалификациялык талаптарды эске алуу менен бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрбөстөн, мамлекеттик жумушка орноштуруу кызматынын жетекчилигине дайындоого укуктуу деп өзгөртүүнү сунуштайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: