Саламаттыкты сактоо министрлигин кайтарган милиционерден таажывирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде өкмөттө өткөн онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, таажывирус илдетин жуктурган 98 медицина кызматкерлеринин ичинде Бишкектеги ыкчам штабда иштегендер дагы бар.
«Вирус бир кызматкерден аныкталганда биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерин толугу менен текшердик. Текшерип жатканда ошол жердеги милиция кызматкеринен дагы вирус аныкталган. Бул боюнча бардык чаралар көрүлдү. Жаамат текшерүүдөн өтүп жатат. Күн сайын үй бүлөлүк медицина кызматынын кызматкерлери текшеришет. Тилекке каршы, азыркы шартта биз бардыгын аралыктан иштөө режимине жөнөтө албайбыз. Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши толук көлөмдө аткарылышы үчүн биз бардык чараларды көрүп жатабыз. Ал эми уруксат берилгендердин бардыгы үйлөрүнөн отуруп алып иштерин жасап жатышат », – деди ал.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ