Чүй облусуна караштуу Кемин районунда таажывирус илдетин жуктуруп алган 7 бейтап ооруканада жатышат.
Маалыматка караганда, Кызыл-Суу айылынын 1995-жылы туулган тургуну үстүбүздөгү жылдын 24-марттында Москва шаарынан учуп келген. Ал жигиттен вирустун белгилери табылган. Аны менен байланышта болгондор дагы таажывирус илдетин жуктуруп алышкан. Тактап айтканда, анын үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсүндө жана эки таанышында аныкталган. Бул маалыматты райондук штаб тастыктап, бейтап менен байланышта болгондордун баары көзөмөлгө алынганын билдирди.
“Таажывирус илдетин жуктуруп алган жигит менен байланышта болгон адамдар дароо көзөмөлгө алынган. Ал эми калган 6 бейтап менен да байланышта болгондор көзөмөлгө алынып, анализдери лабораторияга тапшырылган. Алардын анализдеринин жыйынтыгы четинен таза чыгып жатат. Ошондой эле учурда Кызыл-Октябрь, Кызыл-Суу айылдары баардыгы катуу карантинге алынган. Андагы жашаган тургандар азык-түлүк жана башкалар менен камсыздалган. Ал эми 14 күндөн кийин ушул 7 жаран менен байланышкандардын бардыгы кайрадан текшерүүдөн өтүшөт”,- деп билдиришти штабдан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ