Menu

Өкмөт бардык түшкөн финансы каражаттарын жана гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү процессинин ачык жана айкын болушун камсыздайт

Бөлүшүү:

Өкмөт коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жардам берүү үчүн келип түшкөн финансылык каражаттарды жана гуманитардык жардамдарды пайдалануу жана бөлүштүрүү процессинин ачык жана айкын болушун камсыздайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов  Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал учурда гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн эки атайын эсеп – Саламаттык сактоо министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдында ачылганын билдирди.

«Биринчи эсепке 125 млн сом келип түштү, анын 38,5 млн сому атайы комиссиянын чечими менен март айы үчүн медициналык кызматкерлердин кошумча акысына багытталган. Ушул гана каражаттар каржыланды, калганы эсепте турат. Аталган каражаттар уурдалып, же жоголуп кетти деген маалыматтар чындыкка жатпайт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 13,5 млн сом түшкөн, анын 4,3 млн сому ведомствонуун тизиминдеги аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. Калган финансылык каражаттар эсепте турат. Келип түшкөн финансылык каражаттар, гуманитардык жардамдар боюнча бардык маалыматтар www.help.covid.kg сайтында жарыяланган. Биз гуманитардык жардамды пайдалануу боюнча ачык-айкын процессти камсыз кылуудабыз», – деди Кубатбек Боронов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: