Menu

Токон Мамытов, акыйкатчы: “Экс-бажы кызматкери Эмилбек Кимсановго биздин кызматкерлер абактан жолукканда, ал эч кимге доосу жок экенин билдирген”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-апрель күнү Акыйкатчы Токон Мамытов  Facebook  социалдык тармагындагы “Институт Омбудсмена КР” баракчасында түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, абактан болгону 3 гана кайрылуу болгонун билдирди. Андан сырткары бир кайрылуу оозеки түрүндө болгон.

“Биз бардык кайрылууларга жооп кайтардык. Айрыкча, резонанс жараткан Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун иши болду. Бул тууралуу көптөгөн суроолор болду” – деп билдирди акыйкатчы.

Эмил Кимсанов жөнүндө маалымат пайда болгондо, анын адвокаты менен байланыштык. Ал чет өлкөдө экенин айтты, биз бардык маалыматты телефон аркылуу алдык. Мындан тышкары, биз Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан керектүү документтерди сурадык. Биздин кызматкерлер Кимсановага №1 тергөө абагына барып жолугушкан. Ал эч кимге доосу жок экендигин жана өзүнүн ысымынын айланасындагы бардык ызы-чууларды түшүнбөй тургандыгын билдирген жазуу жүзүндөгү арыз берген. Ошондой эле ал, эгерде көйгөйлөр болсо, кайрыла тургандыгын белгилеген. Азырынча мен буга эч нерсе деп кошо албайм” – дейт акыйкатчы.

Белгилей кетсек, ИИМ Эмилбек Кимсанов 2018-жылы Чүйдө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулун токмоктоо боюнча шек саналып, аларга издөө жарыяланганын маалымдаган. Кимсанов 20-февралда Россиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, бир сутка ичинде Кыргызстанга алынып келинген. 22-февралда Биринчи май райондук соту аны жаш балдары бар экенин эске алып, бөгөт чарасын үй камагына алмаштырган чечим чыгарган. Анын адвокатынын айтымы боюнча, ошол учурда, белгисиз себептерден улам, тергөөчү алмаштырылган, бирок алар билген эмес, Кимсанов Бишкекке келгенде Ички иштер министрлиги тарабынан күч менен кармалган, ИИМ Кимсановду камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Эмилбек Кимсановду Биринчи май райондук соту 31-мартта камакка алганы, учурда ал Бишкектеги №1 тергөө абагында экени белгилүү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: