-Мен солатмын, сага кандай удостоверение керек?
-Мени эмнеге текшерип жатасыңар? Бул жерде пост жок экен…
-Постко койгон мени комендант, эмне болду?
-Кандай пост? Кайсыл пост?
-Ушул жерге койгон мени, машинасы жокторду айдагын деп. Телефонуңду бер! Мен солдатмын, сизге дагы бир жолу эскертемин. Эмне тартып жатасын?
– Эшикти жаап кой. Машинанын ключуна тийбе!
– Жаппайм! Пропускуң жок эмне жүрөсүн?
Азык-түлүккө келип, унаасын токтотуп жаткан жигит анын унаасынын эшигин эч себепсиз ачып, пропуск талап кылып, текшергиси келип жаткан аскер кызматкерин видеого тартып алган. Ошол эле учурда, айдоочу 12-кичи райондо жашаарын, маршруттук баракчасы бар экенин жана ал азык-түлүккө жана дарыканага бара жатканын айткан.
Бирок аскер кызматкери видеого тартканды токтотууну талап кылып, уюлдук телефонду алганга аракет кылган. Видеодон аскер кызматкеринин “Мен солдатмын, мен каалаганымды жасайм”,- дегенин көрүүгө болот.
Бул учурда милиция кызматкерлери талашып жаткандарга келишип, аралышкан, айдоочуга унааны токтотуп, дарыканага жана азык-түлүккө барып келүүгө уруксат беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ