Азыркы учурга байланыштуу, балдары бар соттолгон аялдарды убактылуу коё берсе болот. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде акыйкатчы Токон Мамытов брифинг учурунда таажывирус учурунда мунапыс берүү керекпи деген суроого жооп берип жатып билдирди.
“Учурдагы кырдаалда, жаш балдары бар соттолгон аялдарды убактылуу бошотуу керек. Ошондой эле жеңил кылмыштар үчүн соттолгондорду дагы бошотуу керек. Бирок бул мыйзамды талап кылат. Кылмыштар оорчулукка жараша бөлүнөт, муну эске алуу керек. Жогорку Кеңеш бул маселеге кайтып келет деп ойлойм”, – деди акыйкатчы Токон Мамытов.
“Убактылуу” деген эмнени билдирет, акыйкатчы түшүндүргөн жок.
Ошондой эле андан Азимжан Аскаров жөнүндө сурашты.
“Бул суроо боюнча мурда өкмөттүк эмес уюмдар кайрылышкан. Бирок аны сот гана чече алат. Азыр ал түрмөдө. Жакын арада алар бул маселе боюнча жооп алышат”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ