Акыркы бир айдын ичинде өлкөдө гемодиализ алган 15 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Айсулуу Мамашева билдирди.
Анын айтымы боюнча, карантин башталгандан тартып, гемодиализ алган бейтаптар оор абалга туш болушкан. Учурда 15 адам көз жумду.
Алдын-ала маалыматтар боюнча, бюджеттин эсебинен дагы 150 адам гемодиализге кезекте турат. Алардын жашоосу ушул жол-жобого көз каранды. Доллардын курсу өсүп жатат жана ушул процедурага керектелген реагенттер жана дары-дармектер чет өлкөдөн алып келишет. Бул бейтаптар үчүн компенсация же кошумча акы төлөө мүмкүнбү? Буга чейинки баа – 4700 – мындан ары актуалдуу болбой калгандыктан, доллардын өсүшүнө байланыштуу жогорулады ”, – деди депутат.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бул маселе карала тургандыгын белгиледи.
“Ооба, биз бул маселени карайбыз. Бул жагдай бейтаптарга таасирин тийгизбеши керек. Биз Mилдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте карап, бир чечим табабыз”, – деп убада кылды министр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ