Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Чек аралар жабылганга чейин биз 6 миңден ашык мекендешибизди Кыргызстанга алып келдик

Бөлүшүү:

«Илдет чыккандан бери чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, үйгө кайтып келүүнү каалаган ар бир боордошубуздун абалын түшүнүп турам. Чек аралар жабылганга чейин биз 6 миңден ашык мекендешибизди Кыргызстанга алып келдик. Азыр чек аралар жабык. Башка өлкөлөр сыяктуу эле, биз дагы, эң биринчи мүмкүнүчүлүк пайда болору менен алардын маселесин чечүүгө киришебиз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы мекендештер кырдаалды туура түшүнүп, сабырдуулукту сактап, жасалып жаткан иштерди колдойт деген ишенимин билдирди.

«Бирге болсок, ынтымакта болсок, бири-бирибизди колдосок, азыркы кыйын күндөрдөн тезирээк чыгабыз.  Биримдикте мындай сыноонун эченин жеңген элбиз. Буйруса, Кудайдын колдоосу менен, элибиздин ынтымагы менен, чогуу аракетибиз менен бул илдетти да жеңебиз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана  кыргыз жергесине аманчылык, тынчтыкты каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: