Menu

Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Эгерде өкмөт кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдөн алып келе албаса, анда отставкага кетсин”

Бөлүшүү:

Эгерде өкмөт кыргыз жарандары дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн кайтып келүүсү жөнүндө маселени чече албаса, анда өкмөттүн отставкасы жөнүндө маселе көтөрүлүшү керек. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев 15-апрелде ЖКнын жыйынында билдирди.

«Бул биздин өкмөт. Биз аларга өтө жумшак мамиле кылып жатабыз”,- деди ал.

Акаев Жогорку Кеңештин токтомунун 3 пунктун толуктоону сунуш кылды. Кыргыздардын кайтып келишини жөнүндө чартердик учууларды уюштуруу, жашыл коридор уюштуруу сунушун киргизди.

“Абдан жумшак жазылган, биз бул ишти 1 жуманын ичинде уюштурушубуз керек жана мунун баары каржыланышы керек”, – деди депутат.

Депутат Дастан Бекешев Бишкектеги аэропорт бортту кабыл алууга даярбы, ушуну тактады.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аэропорт даяр деп ишендирди. “Эгер маселе авиакомпанияларга гана байланыштуу болсо, анда ал чечилмек”, – деди ал.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: