Menu

Ысык-Көл облусунда мас аял милиционердин катышуусундагы жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө башталды

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунда аял милиция кызматкеринин катышуусунда жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде социалдык түйүндөрдө Тоң районунун Төрт-Күл айылында милициянын формасын кийген аял киши унаасы менен карама-каршы багытта келе жаткан унааны сүзгөнү тууралуу видео тараган. Кырсык 14-апрель күнү саат 22:00 чамасында болгон. Андан кийин Ички иштер башкармалыгы Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө ички иликтөө жүргүзүүнү буйрук кылган.

Буга чейин шаардык ички иштер башкармалыгынын шаардык жана райондук бөлүмдөрүнө милиционердин катышуусу менен жол кырсыгы боюнча арыз түшкөн эмес.

Ал эми бүгүн унаанын айдоочусу Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери экендиги белгилүү болду. Тергөөнүн жыйынтыгында толук маалымат берилет.

Буга чейин облуста 54 санитардык-карантиндик жана фильтрациялык посттор иштейт деп маалымдалган.

Анда жергиликтүү тургундарга төмөнкү эрежелер жөнүндө эскертүү берилген:

– Аймакта жүргөндө сөзсүз түрдө паспорт болушу керек;

– жеке унаалардын кыймылын токтотуу;

– үйдөн себепсиз чыкпаш керек (тамак-аш же дары сатып алуудан башка);

– аймакка атайын уруксат менен гана чыгууга жана кирүүгө болот;

Ал эми өзгөчө кырдаал режимин бузгандар жоопко тартылышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: