Menu

Өкмөт өлкөнүн чет жакасындагы кыргызстандыктардын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз негизде жүргүзүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдөн тышкары жүргөн кыргызстандыктардын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда Москва шаарында (Россия Федерациясы) эки хостелде республиканын 94 жараны жашоодо.

«Оренбург областынын Соль-Илецк шаарындагы 100 жаранга азык-түлүк, медициналык маскалар жана башка зарыл товарлар түрүндө 161 миң сом суммасындагы көмөк көрсөтүлгөн. Новосибирскидеги 143 жаран 20-апрелге чейин хостелдерде болушат, бул жардам Эл аралык миграция уюму миссиясы тарабынан көрсөтүлүүдө. Соль-Илецк шаарындагы кыргыз жарандарын азык-түлүк жана медициналык маскалар менен камсыздоо маселеси чечилген. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн жарандарыбыздын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүүдө», – деп билдирди Кубатбек Боронов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: