Ушул жуманын башында 168 корей жараны Бишкектен учуп кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын комендантынын орун басары билдирди.
Жыйында депутат Улугбек Ормонов Бишкек шаарынан канча чет өлкөлүк жаран чыгып кеткенине кызыкты.
“Бишкекте 460 чет өлкөлүк жаран катталган. Жуманын башында 168 чет элдик жараны Тышкы иштер министрлигинин катынын негизинде аэропортко жеткирилип, өлкөдөн чыгарылган” – деп билдирди Бишкек шаарынын комендантынын орун басары Алмазбек Карасартов билдирди.
Улугбек Ормонов, “Алар кайсы учак менен чыгып кетти?” – деп суроо салды.
Коменданттын орун басары, чет өлкөлүк жарандар Кореяга учуп кеткенин айтты.
“Эмне Кореяга каттам барбы” – деп сурады депутат.
“Кореядан кайрылуу жасаган экен. Өздөрүнүн жарандарын алып чыгып кетишти” – деп жооп берди коменданттын орун басары.
“Чет элдиктер боюнча эч кандай иш жок экени көрүнүп турат. Бул маалымат туура эмес. Бишкекте жок дегенде 20 миңдей чет элдик жаран бар. Булардын так эсебин эч ким алган жок. Азыр мунун үстүнөн иштеш керек” – деп билдирди депутат Улугбек Ормонов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ