“Бүт дүйнөдө тамак-аш кымбаттап, башка нерселердин баары арзандады. Бүт дүйнөдө нефть арзандады, Кыргызстанда бензиндин баасы мурдагыдан ылдый түшкөн жок”, – деп билдирди бүгүн, 15-апрелде депутат Алтынбек Сулайманов парламенттин отурумунда биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновго кайрылып.
“Жазгы талаа жумуштары башталып жатат, азыр солярка, бензин эмне үчүн бизде арзандабайт? Эмне үчүн өкмөт “Газпром” менен сүйлөшүп, бааны түшүрүп, дүйнөлүк баага келтире албайсыңар?” – деп сурады депутат Алтынбек Сулайманов биринчи вице-премьерден.
“Газ кымбаттап жатат. “Газпром” элге жага турган газды кымбаттатып жатат. Эмне үчүн газ кымбаттап жатат? Аны эмнеге “Газпром” менен сүйлөшпөйсүңөр? “Газпром” газдын 1 кубун Өзбекстандан 125 доллардан сатып алат. Бул жерге жеткирип, сатканга кеткен чыгымы менен 165 долларга чыгат. Биздин элге 1 кубун 230 доллардан сатып жатат. Пайдасын көрсүн, бирок эмне үчүн бүгүн газды арзандатпай, кымбаттатып жатат? – деди Сулайманов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ