Menu

Нурлан Акматов Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстан боюнча директору болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Нурлан Акматов Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстан боюнча директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ЕАӨБдин пресс борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нурлан Акматов бул кызматтагы милдетин 21-апрелде баштайт.

Буга чейин Нурлан Акматов Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегия мүчөсү (министр) болуп иштеген. Анын компетенциясына Евразия экономикалык бирлигиндеги бажы жөнгө салуу маселелери кирген.

2007-жылдын апрелинен 2010-жылдын 7-апрелине чейин Нурлан Акматов Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы болуп иштеген.

Ал эми 2011-жылдан 2018-жылга чейин Россиялык «Газпромнефть Азия» ишканасынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

2018-2019-жылдары ал «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгын жетектеген.

Евразия Өнүктүрүү Банкы – Россия жана Казакстан тарабынан 2006-жылы январда катышкан мамлекеттердин рынок экономикасын өнүктүрүүгө, алардын туруктуу экономикалык өсүшүнө жана өз ара соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган эл аралык финансылык уюм. Банктын мүчөлөрү Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан.

Эскерте кетсек, Нурлан Акматов Бакиев жана Атамбаев доорлорунда Россиянын Кыргызстанга көмүскө куратору болуп дайындалган Андрей Бельяниновдун Кыргызстандагы “тымызын тобуна” кирет. Андрей Бельянинов азыр Евразия Өнүктүрүү Банкынын төрагасы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: