Menu

Видео – Алтынбек Сулайманов, депутат: “Казакстан унга киргизген чектөөнү алышы керек, албаса Киров суу сактагычындагы сууну агызып жибериш керек”

Бөлүшүү:

Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.

“Эмне үчүн биз казак туугандарга 1982-жылдагы макулдашуу менен сууну берип жатабыз? Алсак, Киров суу сактагычындагы суунун 92%ы коңшу өлкөгө кетет. Токтогул, Орто-Токой суу сактагычтарынан да суулар берилет. Өкмөт сүйлөшүү жүргүзүп, ЕАЭБдин алкагындагы эрежелерди сактоо менен унга киргизилген чектөөнү алып таштоону талап кылгыла. Казакстан унга киргизген чектөөнү алышы керек, албаса Киров суу сактагычындагы сууну агызып жибериш керек” – деди Алтынбек Сулайманов.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште коронавирус илдетинин кесепеттери жана аны менен күрөшүү маселелери талкууланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: