Menu

Видео – Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Премьер-министр самолетторду сатып жоготкон адамды бүгүн чоң кызматтарга коюп жатат, анткени табакташ”

Бөлүшүү:

“Мен 3 жылдан бери аэропорттогу жетекчилердин шалаакылыгын сындап, өз ишин билбеген жетекчилердин ордуна профессионал жетекчилерди алып келүү боюнча айтып келатам. Бирок өзгөрүү жок. Бүгүнкү күндө аэропорттун жетекчиси кеткени менен эч кандай жылыш жок”, – деп билдирди бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Тазабек Икрамов.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын өзүнүн самолету жок. Самолетторду сатып жок кылган адамдарды бүгүн Премьер-министр кайра чоң кызматтарга көтөрүп, чоңойтуп жатат. Ошол жердеги чоң-чоң жумуштарга коюп. Бул ачуу чындык. Аэропортто азыр авиакеросин сатып байыган миллионерлер менен миллиардерлер чоң кызматтарда олтурушат. Силер аларды контролдой албайсыңар. Анткени силер алар менен табакташсыңар. Ошон үчүн өкмөттүн аларга сөзү өтпөйт. Эч нерсе чече албайсыңар. Жетекчилерди иштен алып, иштей ала турган адамдарды коюш керек”, – деди Тазабек Икрамов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: