Menu

Ун бизнеси бар дагы бир депутат буудайга болгон салыкты алып салууну сунуштоодо

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15 апрелде Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун автору  Экмат Байбакпаевдин айтымында документ ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында иштелип чыкты.

«Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө ун чыгаруу үчүн Кыргызстанга ташылып келинген буудайга болгон кошумча нарк салыгын алып салып, мурункудай салыктык жеңилдиктерди калыбына келтирүү максат кылынууда», – деп белгиледи Э. Байбакпаев.

2025-жылдын 1-янвачейин буудайга кошумча нарк салыгын алып салуу сунушталууда. Талкуунун жүрүшүндө  депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Айнуру Алтыбаева, Өмүрбек Бакиров, Жанар Акаев данга болгон салыктын мындай мөөнөтүн кыскартуу керектигин белгилешти.   «Беш жыл бул өтө узак мөөнөт», – деп кошумчалады депутаттар.

Депутаттар  Мирлан Бакиров, Бактыбек Райымкулов, Канат Исаев мыйзам долбоорун колдоого аларын билдиришти. Алардын пикиринде кошумча нарк салыгынын ставкасын нөлгө түшүрүү менен буудай кайра иштетүүчү ишканалардын өнүгүшүнө шарт түзүлот жана нандын баасы арзаныраак болот.

Демилгечи депутат Экмат Байпакбаевдин айтымында, бул мыйзам долбоору Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр ассосациясынын суранычы менен иштелип чыккан. Бирок ал ассосацияга КР Жогорку Кеңешинин депутаты Чыныбай Турсунбеков баштаган бир нече депутаттын бизнеси кирерин айткан жок.

“2017-жылы биз Салык кодексине өзгөртүү киргиздик, ага ылайык буудайга салык сала баштадык. Ошондо бюджетке 650 миллиондон 1 миллиард сомго чейин каражат түшөт деп болжолдонгон, бирок мындай толуктоо болгон жок. Бүгүнкү күндө базар токтоп турат, 67 өндүрүүчүлөрдүн ичинен 13ү гана иштеп жатат” – деп билдирди демилгечи депутат.

Талкуу учурунда депутат Экмат Байбакпаев унду кайра иштетүү менен алектенген бизнеси бар экенин мойнуна алды.

“Ооба, бар. Мен өндүрүш менен алектенип жатканыма сыймыктанам “, – деп жооп берди Экмат Байбакпаев депутат Дастан Бекешев кесиптешинин бизнеси жөнүндө сураганда.

  Мыйзам долбоору үч окууда  колдоо тапты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: