Menu

Исхак Масалиев: “Спикер жана премьер-министрдин фондуларында 30 млн сомдон акча бар, ал акчаларды коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепке которуш керек”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш спикеринин жана премьер-министрдин фондунан акча коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепке которулушу керек. Бул сунушту депутат Исхак Масалиев бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ошондой эле ал кесиптештерин кошумча айлык акыдан жана башка чыгымдардан баш тартууга үндөдү.

“Төрага менен министрлер кабинетинин жетекчиси 30 миллион сом суммасында атайын эсепке ээ. Алар бул акчаны коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепке которушу керек. Мындан тышкары, өзгөчө кырдаал учурунда депутаттарга эмгек акыны гана калтырыш керек, ал эми транспорттук, жол киреге кеткен  чыгымдар коронавируска каршы күрөшүүгө багытталышы керек ”, – деп сунуштады Исхак Масалиев.

Ал белгилегендей, парламент өзү элди жыйынга чогултуу менен өзгөчө кырдаалды бузууда. Ал иштин форматын өзгөртүүнү сунуш кылды.

“Мен Өкмөттүн жана парламенттин атынан элден кечирим сурайм, анткени биз коронавирустун өлкөгө кирүүсүнө жол бергенбиз”, – деди Исхак Масалиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: