Menu

Дүйнөдөгү эң бай адам, Amazon компаниясынын негиздөөчүсү таажывирус апаатынын учурунда $24 млрд киреше тапты

Бөлүшүү:

Дүйнөдөгү эң бай адам, Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос коронавирустун пандемиясынан улам, 2020-жылы 24 миллиард доллар тапкан. Бул тууралуу орусиялык Lenta.ru басылмасы Британиянын Bloomberg компаниясына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматтарга ылайык, Жефф Безостун абалы интернет чекене сатуучулардын акциясынын баасынын жогорулашынан улам өсүп жатат. Amazon баалуу кагаздары 5,3 пайызга жогорулап, бизнесмендин байлыгын 138 миллиард долларга чейин көтөрдү.

Таажывирустун жайылышы менен, Жефф Безостун мурдагы аялы Безос Маккензидин каржылык абалы өсүп жатат. Ажырашкандан кийин ага компаниянын 4% ээ болгон. Bloomberg билдиргендей, ал миллиардерлердин рейтингинде 18-орунда турат.

Басылма жыл ичинде дүйнөдөгү эң бай 3 адамдын катарына кирген башка ишкерлердин каржылык абалы бир эле жыл ичинде төмөндөп кеткендигин белгилейт. Ошентип, Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 8,4 миллиард доллар жоготуп, Европанын эң бай адамы,  Louis Vuitton Moët Hennessy компаниялар тобунун жетекчиси Бернард Арно 28 миллиард долларга жакыр болуп калган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: