Menu

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 12 млн. 150 миң АКШ долларын бөлөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов аталган макулдашуунун алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасынын даярдыгын күчтөндүрүү максатында жеңилдетилген каражат бөлөт.

Жардамдын жалпы көлөмү 12 млн. 150 миң АКШ долларын түзүп, анын жарымы грант, жарымы 38 жылдык мөөнөткө 0.75% менен насыяга алынат.

Министрдин айтымында алынган каражат COVID-19 илдетине каршы ыкчам чара көрүү иштерине, медицина кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн керектүү каражаттарды алууга, транспорттук камсыздоого, санитардык-карантиндик постторду, лабораторияларды жаңылоого жумшалат.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: