Menu

Видео – Таласка тоо аралатып, ат менен тымызын жүргүнчү ташыган таксилер кармалды

Бөлүшүү:

“Урматтуу Осмонкул айылынын тургундары, мына, моминтип өзүбүздүн тургундарыбыз ушул жерге жүргүнчүлөрдү такси менен алып келип, мындан ары ат менен бир адамды 1,5 миң сомдон ташып жатышат”, – деп билдиришти бүгүн, 15-апрелде видеотасма тартып жарыялашкан Таластык активисттер.

“Бул жерге алып келип таштайт, анан сарайга машинасын бекитип коюп, Итип байкенин атын минип кетишип жатат. Мына бул байкебиз аты менен артынан кубалап жетип, кармап келди. Бир атчан Итип байкенин баласы, бир атчан иниси экен, бирөөсү агасы экен. Мына, машинасы тиги сарайдын жанында турат. Азыр акимчиликтен келишип, документтерин алышып, өздөрүн алып кетишти” – дейт активисттер.

Эсиңиздерге сала кетсек, Талас облусу азыр таажывирус табыла элек жалгыз облус болгондуктан жергиликтүү бийлик облустун аймагына карантин жарыялап, сырттан эч кимди киргизбей жатышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: