Menu

Депутаттар тобу Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу камактагыларга мунапыс берүүнү демилгеледи

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Бакиров М.И., Алтыбаева А.Т., Карашев А.А., Нурбаев А.М., Эргешов А.М., Керезбеков К.К., Өмүркулов И.Ш., Тиллаев Т.Г., Сулайманов А.Т., Нышанов С.К., Абдылдаев М.Ю., Зулпукаров Т.З., Абжалиев А.Т., Торобаев Б.Э., Турускулов Ж.К., Зулушев К.Т. жана Сыдыгалиев Н.О.

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Бакиров белгилегендей, мыйзам долбоору Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Элдик Апрель революциясынын каармандарынын урматына, курман болгондордун элесине таазим кылуу максатында белгилүү бир категориядагы адамдарды жазыктык жазадан бошотууга жана жазасынын өтөлө элек бөлүгү кыскартууга багытталган.

Мыйзамдын долбоору менен төмөдөгү адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазыктык жазадан бошотуу каралган:

– 60 жашка чыккан жана андан ашкан эркектерди, ошондой эле 55 жашка чыккан жана андан ашкан аялдарды;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды;

– жашы жете элек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды;

– анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды.

Ал эми жазаларды аткаруу мекемесинин өкүлү депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, азыркы тапта 9,5 миң эркиндигинен ажыратылган жарандын 237си биринчи берене боюнча мунапыс аларын маалымдады.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: