Menu

Кыргызстандагы Кытай ишкерлеринин ассоциациясы калктын аярлуу катмарына жардам берди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын ишкерлеринин ассоциациясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берди. Аны кабыл алуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Самат Кылжыев, ошондой эле Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилигинин кызматкерлери катышты.

Самат Кылжыев Өкмөттүн атынан ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандагы Кытай ишкерлеринин ассоциациясы 50 килограммдык 550 кап ун, 5,5 тонна шекер жана 5 500 литр суу май алынган. Азык-түлүк муктаж жарандарга таратуу үчүн Жардам штабына өткөрүп берилди.

Бул гуманитардык жардам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында калктын аярлуу катмарына таркатылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Кытай Эл Республикасынын жарандары буга чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы ооруканаларда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине 600 даана коргоочу кийим берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: