Кытай тилин суудай билген казак блогери Серикжан Билаш Кытайдын toutiao.com аттуу бийлик менен иштешкен сайты 11-апрелде “Кыргызстан Кытайдын жери болгон” деген мааниде «Кыргызстан эркиндик алгандан кийин эмне үчүн Кытайга кайткан жок?» деген макала жарыялаганын билдирип, аны түз эфирде которуп, youtube каналы аркылуу кыргыздарга 14-апрелде кулак кагыш кылды.
“Шумдук, шумдук, маскара! Мындан өткөн шумдук көргөн жокпуз. Казактарга тийишип болгондон кийин эми кытай бийлиги кыргыздарга тиш сала баштаптыр. Бул эмне деген шойком? Эзелтен “өзөктө башы, өзөндө малы кошулган” агайындарыбызды, ага-боор шекилдүү, казак-кыргыз бир тууган дегендей бир тууган кыргыз боордошторубузга ушуну жеткирүүгө мажбур болуп олтурабыз”, – деп баштайт Серикжан Билаш.
“Кыргызстан Хан династиясынын тушунан берки миңдеген жылдар бою Кытайдын аймагы болгон. Юань жана Цин династияларынын тушунда да Кыргызстан Кытай менен аралашып жашаган. Цин династиясынын акыркы жылдарында Орус империясы Борбор Азияны өзүнө карата баштаган. 1864-жылы Орус империясы кубатын жоготуп койгон Цин императорун түндүк-батышындагы 440 миң чарчы чакырым аяттан баш тартууга аргасыз кылган. Андан соң дагы 70 миң чарчы чакырым аянтын тартып алган. Ошондо Кытай жалпысынан 510 миң чарчы чакырым жеринен айрылган. Бүт Кыргызстан мына ошол аймактын ичинде турат. Кыргызстан Монголия сыяктуу эле байыртадан бери Кытайдын аймагы”, – деп которду Серикжан Билаш Кытайдын toutiao.com сайтына жарыяланган макаланын бир үзүндүсүн.
Калганын Серикжан Билаштын төмөнкү тасмасынан угуңуздар:
Булак: SERIKZHAN BILASH Official
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ