Menu

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Исак Бекбоев 91 жашында дүйнө салды – некролог

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги (Москва ш.), педагогика илимдеринин доктору, профессор Бекбоев Исак Бекбоевич 91 жаш курагында дүйнө салды.

Бекбоев Исак Бекбоевич Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында 1930-жылы 10-январда төрөлгөн. 1948-жылы Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында мектепти медаль менен аяктап, Кыргыз педагогикалык институтунун Физика-математика факультетине тапшырат.

И. Б. Бекбоев эмгек жолун 1952-жылы мектепте математика мугалими болуп баштайт. Андан кийин Кыргыз илим-изилдөө институтуна кабыл алынып, алгач кенже, кийин улук илимий кызматкер, Физика жана математика секторунун башчысы, директордун илимий иштер боюнча орун басары болуп иштейт. И. Б. Бекбоев дээрлик тогуз жыл Кыргыз мамлекеттик университетинде орто мектептердин директорлорунун билимин өркүндөтүү факультетинин деканы жана окуу-тарбия иштери боюнча проректору болуп эмгектенет. 1984-жылдан И. Б. Бекбоев Кыргыз илим-изилдөө институтун, 1992-жылдан Кыргыз билим берүү институтун жетектейт, ал эми 2003-жылдан Кыргыз билим берүү академиясынын Билим берүү жана илим борборун башкарып келди.

И. Б. Бекбоев чыныгы педагогдун, окумуштуунун жолун татыктуу басып өттү. Ал Кыргызстанда педагогика илиминин өнүгүшүнө зор салым кошту. Математиканы окутуу боюнча окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн кыргыз мектебинин негиздөөчүсү болуп саналат, ал педагогика илимдеринин 23 кандидатын жана 7 докторун даярдады.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу профессор И. Б. Бекбоев жана анын окуучулары тарабынан кыргыз мектептеринин 1-11-класстары үчүн математика боюнча оригиналдуу окуу китептер жазылат, алар 2002-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болот.

Профессор И. Б. Бекбоев 200дөн ашык басылманын автору болуп саналат, анын ичинде 11 монография, Кыргызстан үчүн 11 окуу китеп, 47 окуу жана окуу-методикалык колдонмолор бар. Анын бардык эмгектери жогорку актуалдуулугу, фундаменталдуу негизделгендиги, ири педагогикалык маселелердин оптималдуу чечимдерин издегендиги, практикага багытталгандыгы менен айырмаланат.

И. Б. Бекбоевди эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып «Ардак белгиси» ордени (1971), «Даңк» медалы (2009), 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими наамы (1983), Кыргыз Республикасынын Эл мугалими ардактуу наамдары ыйгарылган.

И. Б. Бекбоев улуу педагог, илимпоз жана коомдук ишмер катары замандаштарынын эсинде калды. Анын басып өткөн өмүр жолу кесипкөйлүктүн жана чыгармачылыктын бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк болот деп ишенебиз.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, И. Ш. Омуркулов, К. С. Молдобекова, А. Ж. Исмаилова, Д. А. Эсеналиев, К. А. Исаков, Н. А. Ишекеев, Т. С. Садыков, М. С. Жуматаев, Ш. Ж. Жоробекова, А. Э. Эркебаев, С. Ж. Мусаев, К. Ж. Садыков, Базаркулов М.Б., А. Ч. Какеев, Т. К. Койчуев, У. А. Асанов, О. А. Тогузаков, А. Ж. Жайнаков, К.Осмонбетов, А. А. Борубаев, А. Д. Токтомаметов, А. М. Мамытов, С. Б. Байгазиев, А. А. Намазалиев, Э.Алымкулов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: