Бүгүн, 16-апрелге карата таажывирус илдетин жуктурган бейтаптардын саны 466 адамга жетти. Анын ичинен 15 жашка чейинкилердин саны 41 адам. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Таажывирус илдети менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 0 жаштан 15 жашка чейин – 41 адам (анын ичинде 1 жашка чейинки 3 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 13 адам;
– 20 жаштан 35 жашка чейин – 112 адам;
– 36 жаштан 55 жашка чейин – 182 адам;
– 56 жаштан өйдө – 118 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ