Кыргызстанда таажывирусту так аныктай турган ПЧР-тесттин саны жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрель күнү өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Бүгүнкү күндө ПЧР-тесттерди сатып ала турган каналдар ачылып, республиканы камсыздоо аракети жүрүп жатат. Айта кетсек, бир күн мурун эле Россиядан 29 миң изилдөөгө жете турган ПЧР-тесттерди алдык. Белоруссиядан дагы материалдарды алып жатабыз. Ошол эле учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 5,5 миң тестти техникалык жардам катары жөнөттү” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалыпысынан 466 адамдан таажывирусу аныкталган, 91 адам айыгып ооруканадан чыгышты, 5 адам оорудан улам каза болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ