Бүгүн, 16-апрель күнү КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн брифингде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди. Өлкөдө дагы 17 адамдан таажывирусу аныкталып, илдетке чалдыккандардынн жалпы саны 466га жетти.
Брифингдин жүрүшүндө Нурболот Үсөнбаевге Кытайдан келе турган 15 дарыгер кайсы аймактарга жөнөтүлөрү тууралуу суроо берилди.
“КР Саламаттыкты сактоо министрилигинде эл аралык иштер боюнча сектор бар. Алар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңсеси менен биргеликте чет өлкөдөн келген консультант-дарыгерлерди аймактарга бөлүштүрөт. Биз даярдык көрүп жатабыз. Алар келгенде өлкөнүн түштүгүнө жана түндүгүнө бөлүштүрүлөт. Алардын иштешине шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз”, – деп жооп берди Нурболот Үсөнбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ