Menu

Бишкекте 61,6 миң сом салынган терминалды уурдаган деп шектелгендер үй камагына чыгышты

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында ичинде 61,5 сому бар терминалды уурдаган деп шектелгендерди үй камагына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде күч структуралару журналисттерге билдирди.

Белгиленгендей, тиешелүү чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган.

Эсиңиздерген сала кетсек, 6-апрелде Бишкек шаарынын тургуну Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал аялдаманын жанындагы Абдрахманов көчөсүндөгү 1500 долларга бааланган терминалды уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Ал эми терминалдын ичинде 61,6 сом бар болгон.

Көп өтпөй, Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык полиция кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кармашкан. Алар 1997-жылы туулган М.К., 1990-жылы туулган К.Ш. жана 1991-жылы туулган Ж.Ж. аттуу жарандар болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: