Өзгөчө абал режими киргенден бери Бишкекте жасалма өткөрмө кагаздары боюнча 52 факт катталган. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
“Бул маселе боюнча тергөө иштери жүрүп жатат” – деп билдирди комендант.
Белгилей кетсек, өлкөнүн кээ бир аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал киргизилген.
14-апрель күнү президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ошондой эле, президент “Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.
Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңеш президенттин өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абалды режимин узартуу жөнүндөгү жарлыгын жактырган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ